III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештердин тайпалык баскычында Өзбекстан курама командасы өзүнүн алгачкы оюнун жеңиш менен жыйынтыктады.
Тайпалык баскычтын биринчи турунда орун алган Өзбекстан-Башкортостан беттешинде өзбекстандык көк бөрүчүлөр атаандашынын тай казанына 20 улак таштап, ири эсепте жеңишке жетти. Ал эми башкортостандык спортчулар 1 гана улак менен жооп кайтара алышты. Оюн 20:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Эмки оюнда Өзбек командасы Франция курама командасы менен кез келет.
Айта кетсек, буга чейинки оюнда Орусиянын Москва облусунан келген курама команда Ооганстандан келген команданы жеңип, жарым финалга чыккан.