Ак Үйдүн алдында 10го жакын адамдын катышуусунда митинг өтүп жатат. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигине карата нааразычылык пикирлерин айтышууда

Бүгүн, 4-сентябрда Ак Үйдүн алдында 10го жакын адамдын катышуусунда митинг өтүп жатат. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигине карата нааразы пикирлерин айтышууда.

Митингдин катышуучусу Рахат Сулайманов гемодиализ алган бейтаптар жаңы алынган индиялык дары каражаттардын сапатынан шек санап жаткандыгын айтты. "Мындан 3 ай мурун дары-дармек алуу боюнча тендер өткөн. Жыйынтыгында дарылар Индиядан алынмай болду. Биз 5 жылдан бери эритропоэтин дарысын колдонобуз. Индиядан келе турган дарынын сапаты начар. Биз Индиядан келген дарыны колдонууга каршыбыз. Бул боюнча президентке, Башкы прокуратурага кайрылганбыз", - дейт Сулайманов.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Индиядан алына турган дары каражаттардын сапаты боюнча чочулоого негиз жок экенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан