Кырчын жайлоосунда салбуурун боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу Салбуурун федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-сентябрда Кырчын жайлоосунда салбуурун боюнча мелдештер орун алууда. Аталган мелдешке жаа атуу боюнча 35, тайган агытуу боюнча 19, бүркүт салуу боюнча 10 спортчу катышууда.
Ысык-Көл жергесинде өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 82 өлкөдөн 2 миң 500гө жакын спортчу катышууда. Оюндарда жалпы 549 медалдар топтому ойнотулат. Алардын ичинен 174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло медаль.