"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга өкмөттөн акча жумшалбайт. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага кеткен каражат долбоорду ишке ашырып жаткан компания тарабынан жумшалат. Мекеменин басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Зирек Асанованын айтымында, долбоорду ишке ашырган компания бул үчүн айып төлөөдөн түшкөн каражаттын жарымына жакынын өзүнө алып турмакчы.
"Бүгүнкү аукциондун алгачкы этабында орусиялык "Концерн радиостроения "ВЕГА" компаниясы утту. Экинчи этабында комиссия тарабынан компаниянын техникалык мүмкүнчүлүгү каралып, андан да утуп алган болсо, жеңүүчү деп табылат. Жеңүүчү компания талапка ылайык, сентябрь айынын аягында же октябрь айынын башында камераларды орнотуу иштерин баштоосу керек. Ага кеткен каражаттар өздөрү тарабынан жумшалып, мамлекеттен бир тыйын коротулбайт. Ошондуктан компания айып төлөөдөн түшкөн каражаттардын жарымына жакынын өзүнө алып турат. Башкача айтканда, бир айып пулдан 500 сом түшсө, анын 280 сому мамлекетке, 220 сому өздөрүнө калат. Ошентип белгиленген мөөнөт боюнча 5 жыл иштешет. Ал мөөнөт аяктагандан кийин долбоор жаңыдан ишке ашырылат", - деди Асанова.
4-сентябрда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны тандоо боюнча аукцион жыйынтыкталды. Комитет долбоорду ишке ашыруу үчүн баштапкы баа 2,5 миллиард сом деп сунуштап, аукцион эки торук менен өттү. Көрсөтүлгөн 2,5 миллиард сомдон кайсы тарап аз сумма сунуштаса, анын шарттары жакшы болсо, жеңүүчү ошол болот.
Орусиялык компания 1-торукта 1 миллиард 225 миллион 765 миң сом, 2-торукта 1 миллиард 195 миллион 575 миң сом сунуштады.
Аталган долбоор боюнча аукцион өткөн айда уюштурулуп, бирок техникалык себептерден улам жыйынтыкталбай калган.
"Коопсуз шаар" "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.