Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда орун алган этномаданий шаарчада жоголгон бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз
кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5 жашар Гүлжигит Руслан уулу этномаданий шаарчада жүрүп ата-энесинен башка жакка басып кеткен.
"Бала ата-энесинен 350 метрдей алыстыкка кетип калган. Аны милиция кызматкерлери таап, ата-энесинин колуна өткөрүп беришкен. Баланын абалы жакшы", - деп билдиришти облустук милициядан.