Мушкер Темирлан Осмонов студенттер арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду

Боксчу Темирлан Осмонов студенттер арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусияда 1-сентябрда башталган бокс боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан 7 спортчу катышкан. Темирлан Осмоновдун алгачкы атаандашы беларустук Дмитрий Дзяшкевичти жеңип жарым финалга чыккан.

Ал эми кечээ, 4-сентябрда финалга жолдомо алуу үчүн болгон беттеште венгриялык Ричард Ковацка утулуп калган. Жыйынтыктоочу протоколдо Осмонов өзүнүн салмак ченинде 3-орунду ээлеп коло медаль тагынган.

Бүгүн, 5-сентябрда кыргыздын дагы бир мушкери Мунарбек Сейитбек уулу 60 килограммга чейинки салмак ченинде финалга жолдомо алуу үчүн беттеш өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан