Ысык-Көл жергесинде өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы алдыда келе жатат.
Азыркы тапта өлкөнүн капчыгында жалпы 43 медаль бар. Алардын ичинен 15и алтын, 15и күмүш, 13ү коло.
Бүгүн, 5-сентябрда көк бөрү, сумо, кыргыз күрөш боюнча мелдешттер орун алмакчы.
Күндүн программасы:
Көк бөрү - саат 9:00дөн 18:00гө чейин (ат майданы)
Сумо - саат 9:00дөн 12:00гө чейин (ФОК)
Кыргыз күрөш - саат 9:00дөн 17:00гө чейин (ФОК)
Ордо - саат 10:00дөн 16:00гө чейин (Кырчын)
Ат үстүндө жаа атуу - саат 10:00дөн 17:00гө чейин (Кырчын)
Эр эңиш - саат 18:00дөн 19:30га чейин (ат майданы).