4-сентябрдан 5-сентябрга караган түнү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарына катышкан кыргыз спортчулары мекенине кайтып келишти. Аларды дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, жакын туугандары жана достору "Ак жол" көзөмөл өткөрүү пунктунан тосуп алышты.
Айта кетсек, Жайкы Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдешке катышкан Артур Те жана Владимир Золоев коло медаль утуп алышкан.
Медаль ээлери:
Артур Тэ - 66 килограммга чейинки салмак ченинде;
Владимир Золоев - 81 килограммга чейинки салмак ченинде.