Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Каржы полициясы) коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке акча которду. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KGʹге аталган мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады.
Анын айтымында, аталган кызмат бул жолу атайын эсепке 7 миллион 789 миң 713 сом өлчөмүндөгү каражат которгон.
"Бул акчалар экономикалык кылмыш боюнча козголгон иштерден улам мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан чогулду. Мындан ары Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашырууга жана экономикалык, кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чаралар улантыла берет," - деди басма сөз катчы.
Жалпысынан аталган мекеменин атайын эсепке которгон акча каражатынын жалпы суммасы 158 миллион 575 миң 464 сомду түздү.