Футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз өлкөсү конокто Индия менен кез келет. Бул беттешке башкы машыктыруучу Александр Крестинин 22 футболчуну улуттук курамга чакырды. Футболчулар 5-июндан тарта машыгуулардан өтүшөт. Оюн Бенгалор шаарында 13-июнда өтөт.
Улуттук команданын курамы:
Дарбазачылар:
Павел Матяш (ФК «Мазия», Мальдив аралдары), Валерий Кашуба («Дордой»), Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»).
Коргоочулар:
Тамирлан Козубаев, Даниэл Тэго (экөө тең «Дордой»), Валерий Кичин («Енисей», Орусия), Виктор Майер («Эммен», Голландия), Ильяз Алимов («Алай»), Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев (экөө тең «Абдыш-Ата»), Азамат Байматов («Аль-Риффа», Бахрейн).
Жарым коргоочулар:
Бахтияр Дүйшөбеков («Абдыш-Ата»), Фархат Мусабеков («Алмалык», Өзбекстан), Эдгар Бернхардт («Роденхаузен», Германия), Мирлан Мурзаев, Павел Сидоренко (экөө тең «Дордой»), Муролимжон Ахмедов («Алай»), Ахлидин Исраилов (азырынча клубсуз), Талгат Бектур уулу («Черчилль Бразерс», Индия), Антон Землянухин («Сухотай», Таиланд).
Чабуулчулар:
Виталий Люкс («Унтерхахинг», Германия), Кайрат Жыргалбек уулу («Дордой»).