Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБиндеги жаңы курулуп жаткан химиялык суу тазалоочу цехтин жабдыктарынын 90 пайызын орнотуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KGʹге "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.
Ал курулуш иштеринин мөөнөтү мурда белгилендей 1-октябрга чейин аяктаарын айтты.
"Учурда жабдыктардын 90 пайызы орнотулду. Мындан башка дубалдарды кыш жана бетон менен тургузуу иштеринин 70 пайызы, суу сакталуучу ири бактарды орнотуу иштеринин 40 пайызы аягына чыкты. Бардык жумуштар графиктин негизинде жүргүзүлүүдө, кечигүүлөр жок", - деди Айдаралиева.
Ушул жылдын февраль айында ТВЕА компаниясы суу даярдап берүүчү жаңы химиялык цех курары айтылган. Курулуш иштерин июль айында бүтүрүү пландалган.
30-июлда "Улуттук энергохолдинг" компаниясы Бишкек ЖЭБдеги химиялык суу тазалоочу цехтин июль айында бүтпөй калганын билдирген. Буга өз учурунда курулуш долбоорунун даяр эместиги себеп болуп, курулушту бүтүрүү 1-октябрга жылдырылганын айтышкан.