Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Өзбекстандын көк бөрү боюнча курама командасы жарым финалга чыкты

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште Өзбек курама командасы тайпалык этапта жеңишке жетип жарым финалга чыкты.

Белгилүү болгондой, мелдешке жалпы 11 курама команда катышып, тайпалык этапта 4 топко бөлүнүшкөн. "D" тайпасында Өзбек курама командасы Франция курама командасына каршы ойноп, беттеш 19:6 эсебинде жыйынтыкталган.

Буга чейин Өзбек курама командасы Красноярск облусунан келген курама команданы 15:3 эсебинде утуп алган.

Ал эми бүгүн, 5-сентябрда "А" тайпасындагы Алтай курама командасы Кыргыз командасына каршы ойномок. Бирок Алтайдын оюнчулары өз убагында оюнга даяр болбогондугуна байланыштуу аларга техникалык жеңилүү жазылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2018-09-05 16:36:18
Быйыл эмне эле болуп жатат Кок бору
-1
Dembele84
2018-09-05 16:54:25
Полуфиналда Казак-Озбек оюнун коргум келип жатат,женгени финалда Кыргызстанга тушсун!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан