Индонезияда 18-августтан 2-сентябрга чейин өткөн Жайкы Азия оюндарында балбан Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде атаандашы, монголиялык Орхон Пуревдоржго 11:0 эсебинде жеңилип күмүш медалга ээ болгону көпчүлүккө маалым.
Азия оюндарынын Олимпиадалык кеңешинин расмий сайтына таянып, Күрөш федерациясы билдиргендей, монголиялык балбан допинг колдонду деген жүйө менен алтын медалдан ажыратылды. Маалыматка ылайык, Орхон Пуревдорждун канынын курамында тыюу салынган "станозолол" препараты табылган.
"Эми эрежеге ылайык алтын медаль беттеште 2-орунду алган балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек" деп билдиришти федерациядан.
Айта кетсек, Жайкы Азия оюндарында Кыргыз курама командасы жалпы 20 медаль утуп, жалпы эсептик жадыбалда 21-орунду ээлеген.