Көчмөндөр оюндары: Бүгүн көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалы орун алат

Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы борбордук ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттештери орун алат.

Жарым финалда тайпалык баскычтын жеңүүчүлөрү беттешет, анда оюн талаасына "А" тайпасынан Кыргыз курама командасы, "В" тайпасынан Москва курама командасы "С" тайпасынан Казакстан курама командасы жана "D" тайпасынан Өзбекстан курама командасы чыгат.

Жарым финалдын алгачкы беттешине Кыргыз оюнчулары Москва менен кез келсе, экинчи беттеште Казакстан менен Өзбекстан курама командалары күч сынашат.

Аталган беттештерди SUPER.KG порталы түз эфир аркылуу көрсөтөт. Түз эфир саат 16:00дө башталат.

Беттештердин тизмеси:

16:00 Кыргыз өлкөсү-Москва;

18:00 Казакстан-Өзбекстан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kechirmeni
2018-09-06 12:13:07
Кыргызстан -Москва дегени кандай, Москва Россиянын атынан чыгып атабы, анда Кыргызстан- Россия деп айтылбайбы
0
sanchos1
2018-09-06 12:22:25
kechirmeni, Москванын атынан Москвада иштеген кыргыз спортчулар ойношот. Алар ал жакта ат кармашып улак тартып жургон биздин эле балдар. Жалко эки команда берки экооно тушкондо жакшы болмок.
+1
salah
2018-09-06 13:06:09
kechirmeni,Россиядан команда коп да ошол учун Москва деп болок болок атап жатышат, Башкортостан Красноярск жана Алтай командалары да бар
+1
Abdusamat.kg
2018-09-06 12:14:44
Кыргыз Өзбек ойнош керек эле
0
Rasul94
2018-09-06 13:18:26
Алгалай бер Кыргызстан
Азатыктын орундо
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан