SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө 4 баланын энеси кайрылып, турмуш-тиричиликтен кыйналып жатканын айтты. Анын билдирүүсүнө ылайык, учурда 2 баласы кийим-кеченин жана документтеринин жок экенинен улам мектепке бара албай жатат.
"Мен Ош облусунан Бишкектин "Дордой" базары жакка келип жашап калдым. Батирге акча төлөйм. Өзүм талаа жумуштарына чыгып, күнүмдүк тамак-ашка жетер-жетпес акча таап келем. Кичүү балам 2 жашка чыга элек. Аны улуу балдарыма таштайм.
Эки жолу турмушка чыгып, эки турмушумдан тең ажырашкам. Биринчи жолдошум менен 2 балалуу, экинчи турмушумдан 2 балалуу болгом. Азыр 2 күйөөм тең балдарды багууга жардам бербейт, чалып жардам сураган күндөрүм да болду. Бирок эч кандай жакшы жооп уга алган жокмун.
2 күйөөм менен тең жарандык абалдын актысынан каттоодон өткөн эмеспиз. Ажырашкандан кийин алимент төлөтөйүн десем, балдарымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү да жок. Улуу балдарымдын күбөлүгүн чоң энеси бербей жүрүп, акыры мектепке керек болордо бере турган болду. 2 кичүү баламдын күбөлүгүн чоң энеси атайылап эле бербей жатат. Сурай берип акыры өзүм да чарчадым. Канткенде балдарыма алимент чыгарта алам?" - дейт жалгыз бой эне.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.