Кыргыз өлкөсүнүн Кытайга болгон карызын СССРдин жарандары чогулткан байлыктар аркылуу төлөө сунушталды

Кыргыз өлкөсүнүн Кытайга болгон карызын СССРдин жарандарынын чогулткан активдери менен төлөө сунушталууда. Аталган маселени Кыргыз өлкөсүндөгү уруулардан түзүлгөн топтун аксакалдар кеңеши көтөрүп чыкты. Алардын айтымында, СССР учурунда ага мүчө болгон өлкөлөрдүн байлыктары бир жерге чогултулган. Бирок анын көлөмү, азыр кайда жатканын жана ким пайдаланып жатканын айта алышкан жок. Алардын бири Таалай Эсеналиевдин айтымында, ал каражаттарды Кыргыз өлкөсү кайтарып алып сырткы карызын төлөөсүнө шарт бар.

"СССР учурунда чогултулган байлыктар биздин чоң-ата, чоң-апаларыбыздыкы. Азыр ал байлыктар бар. Аны биз кайтарып алуу үчүн бир канча укуктук процедураларды аткарышыбыз керек. Бирок ал байлыктар кайда экенин жана анын көлөмү боюнча айта албайм. Анткени аны айтууга азырынча менде укук жок. Андагы байлыктар Кыргыз өлкөсүнүн гана эмес, СССРге мүчө болгон 15 республиканын тышкы карызын төлөөгө жетет", - деди Эсеналиев.

Ал акчаларды кайтарып алуу боюнча арызды 2018-жылдын аягына чейин берүү шарт экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Daak9091
2018-09-07 13:23:05
Охо
+3
n.zhanikulov
2018-09-07 13:23:51
жакшы жанылык
+4
Chungyz
2018-09-07 13:29:09
Жапкыла да ашкананын бизге таркатып берлиле
+4
tima01
2018-09-07 13:38:59
Каяктагы жомокту айтып элдин башын айлантып атышатта ..
+8
Nanei
2018-09-07 13:46:16
СССР ден калган байлык колхоз совхрздор,завод фабрикалар бар эле,анын баарын талап ,тоноп,талкалап сатып жиберишти элего,тобооо
+7
iasin
2018-09-07 13:46:51
Атабыздан калган мурас бар экен да..
Аны да Бакиевке шылтап кутулбаса эле болду. Менин атамдын СССР убагынба алган баалу кагаздары бар болчу, ошондогу акчаны бербей койду эле
+5
Jango
2018-09-07 13:51:06
Кытайлар карызын каттуу эле сурап башташканго окмот акча издеп жатканына караганда
+9
aiba.8327
2018-09-07 13:57:46
Такыр тушунгон жокмум??????
+4
kolyn
2018-09-07 14:00:06
СССРдин "праваприемниги"Россия.Алардан силерге(15 республика)омар хайям.
+8
kolyn
2018-09-07 14:03:35
дейт
+1
alibai
2018-09-07 15:05:42
Чон Эле киши суйлойт десе эле суйлой берет экен да. Ал байлыктын баарын Россия СССР тарап жатканда озуно алган.СССРдин бут аласасын биз алабыз и бут бересесин биз беребиз деп. Ошол себептен Кыргызстанг биринчи болунуп чыкканда бир тыйын эч кимге карызы жок болчу. Карыздын баарын Акаев топтой баштаган
+7
emirchik
2018-09-07 21:33:13
давай ушунун араккетин коргуло депутатар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан