Көк бөрү боюнча Кыргыз курамасы жеңишке жетип 3 миллион сом байгеге ээ болду (сүрөт)

Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда көк бөрү боюнча финалдык беттештер орун алууда. Саналуу мүнөттөрдөн соң Кыргыз-Өзбек беттеши орун алат. Эки команданын оюнчулары оюн талаасына чыгып даярдык көрүп жатышат. Алар биринчилик үчүн күч сынашмакчы.

18:02. Кыргыз-Өзбек командаларынын беттеши башталды. Эки тараптын оюнчулары оюн талаасына чыгышты. Алар тай казанды айланып, элден бата алган соң оюн башталат. Беттеш III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жатат.

18:05. Оюн башталары менен улакты Өзбекстандын улакчысы илип кетип тай казандын жанына барды. Бирок ийгилик жарата алган жок. Аны Кыргыз командасы илип кетип, Рустам Тыналиев эсеп санын ачты. Эсеп 1:0.

18:08. Кыргыз командасы кайрадан чабуулга чыгып эсепти 2:0гө жеткирди. Улак ээси Айбек Темирбаев болду.

18:09. Эсеп саны өзгөрдү. Аскат Аскаров таштады. Эсеп саны дагы өзгөрүп, Нуржан Мелисбек уулу 4:0 кылды.

18:11. Анарбек Сейитбек уулу улак таштап эсеп санын 5:0гө өзгөрттү.

18:12. Аскат Аскаров айырмаланып, эсеп 6:0 болду. Азырынча Өзбекстан командасы туруштук бере албай жатат. Эсеп 7:0. Улакты Рустам Тыналиев таштады.

18:14. Манас Ниязов улак таштап эсеп санын 8:0гө өзгөрттү.

18:17. Айбек Темирбаев жекеме-жеке тартышта улакты сууруп чыгып эсеп санын 9:0гө айландыра алды.

18:18. Рустам Тыналиев мыкты оюн көрсөттү. Ал улакты эңип, жогорку ылдамдыкта тай казанга барып эсепти 10:0 кылды.

18:21. Ортодо жекеме-жеке беттеш орун алууда. Кыргыз курамасынан ортодо Кубанычбек Султан уулу.

18:22. Эсеп өзгөрүп, 11:0 болду. Бул арада Нуржан Мелисбек уулу тай казанга катуу урунуп жаракат алды көрүнөт. Ага дарыгерлер жардам көрсөтүүдө.

18:24. Аскат Аскаров улак таштап эсеп санын өзгөрттү. Эсеп 12:0. Бул арада Өзбекстандын улакчылары ойноодон баш тартып жаткандай көрүнөт.

18:25. Учурда оюндун биринчи бөлүгү аягына чыкты.

16:35. Беттештин 2-бөлүгү башталды. Улакты дароо Өзбекстандын оюнчусу илип кетип, бирок орто жолдон өзү аттан шыпырылып калды. Улакты Манас Ниязов илип кетип, эсепти 13:0гө өзгөрттү.

18:37. Өзбек улакчылары 1 улак таштап, эсеп санын өзгөртө алышты. Анын артынан дароо дагы бир чабуулга чыгып эсепти 13:2ге жеткире алышты.

18:39. Өзбек улакчысы Рустам Тыналиевдин такымынан сууруп чыгып, өз пайдасына дагы 1 улак жаздыра алды.

18:40. Нуржан Мелисбек уулу улакты эңип мыкты деңгээлдеги салымды көрсөттү. Эсеп 14:3.

18:41. Өзбек улакчылары дагы 1 улак менен жооп бере алышты. Эсеп 14:4 болду.

18:42. Манас Ниязов улак таштап ортодогу эсеп 15:4 болду. Биринчи бөлүмгө караганда Өзбекстандын улакчылары атаандаштык көрсөтүү аракетин көрүп жатышат. Аскат Аскаров мыкты оюнчу экенин көрсөтүүдө. Ал улакты тай казанга салып, эсепти 16:4 кылды. Бул анын төртүнчү таштаган улагы болду.

18:45. 8-катар санындагы Уланбек Насакеев улак таштап 17:4кө айлантты. Ага жооп катары 6-катар санындагы өзбек оюнчусу бир улак таштады.

18:47. Манас Ниязов улак таштап эсепти 18:5ке айлантты.

18:49. Анарбек Сейитбек уулу өз аракети менен атаандаштардын тай казанына улак таштоого жетишти. Манас Ниязов Сейитбек уулунан кийин улак таштап эсеп санын 20:5ке жеткирди. 4-катар санындагы кыргыз улакчысы Таштемир Майлыбаев жаракат алды. Дарыгерлердин кароосунан өтүүгө кетти.

18:53. Оюн уланууда. Учурда кыргыз улакчылары дагы бир улак таштоо менен айырмаланышты.

18:55. Беттештин экинчи бөлүгү аягына чыкты.

19:08. Оюндун үчүнчү бөлүгү башталып Рустам Тыналиев эсеп санын 22:5ке жеткирди.

19:09. Өзбек улакчылары да өз аракетин көрүп, 6-улагын тай казанга таштоого жетишти.

19:10. Учурда улак ортодо. Өзбек улакчылары улакты илип кетип 7-улагын ийгиликтүү ишке ашырышты. Андан кийин Манас Ниязов илип кетип 23-улакты таштады.

19:15. Көк бөрү боюнча эки команданын беттеши улантылып жатат. Учурда эки команда бирден улак таштап, эсеп 24:8ге айланды. Упайлар өзгөрүп, Кыргыз улакчылары 27-улагын таштады.

19:19. Кыргыз улакчылары ири эсеп менен алдыда баратышат. Рустам Тыналиев айырмаланып 28-улакты таштады.

19:22. Өзбек улакчылары үчүнчү бөлүктө да эсеп санын кыскартуу аракетин улантып жатышат. Өзбек улакчысы улак таштап эсепти 28:9га жеткирди.

19:23. Эсеп сандары бат-баттан өзгөрүүдө. Таблого карасак, эсеп саны 31:9га жетти.

19:24. Кыргыз-Өзбек оюнчуларынын беттешинин бүтүшүнө саналуу мүнөттөр калды. Учурда ат майдандагы күйөрмандар "Кыргызстан" деп бакырып жатышат. Учурда 32:9 эсеби менен Кыргыз командасы алдыда.

19:27. Оюн аягына чыгып, Кыргыз курамасы ири эсепте жеңишке жетти. Биринчиликти алганы үчүн алар 3 миллион сом баш байгени алышат. Ал эми Өзбекстан курамасы экинчи орунга илинди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (51)
Alixan-Nookat.2015
2018-09-07 18:50:03
21:5
0
Alixan-Nookat.2015
2018-09-07 18:50:55
21:5 2- тайм бүттү
0
Aitik
2018-09-07 19:06:34
22-6
0
010288
2018-09-07 19:27:07
Аиииии)))))
0
Kymbatym
2018-09-07 19:30:06
урааа Кыргызстан чемпион жаңы рекорд32;9 Кыргызстаным жеңишин менен!!!
+3
Aigerim.baxa
2018-09-07 19:45:33
Оператор эмне арттка калып калдыныз)))
0
salimbek87.kg
2018-09-07 19:46:29
Көк бөрү кыргыздын оюну экенин дагы бир жолу далилдеди азаматсыңар жигиттер
+8
respect_bek
2018-09-07 19:53:09
Азаматсыңар Кыргыз жигиттери!!! Намысты бек сактадыңар!

Админ Өзбек көк бөрүчүлөрүнүн фамилия,атын тактап, сурап жазып албайсыңбы билбесең,Өзбек улакчы,мынчанчы номер дебей!
+2
Kymbatym
2018-09-07 20:23:34
respect_bek,өзбек оюнчуулары баары этникалык казак кыргыздар экен өзбекстанда туулуп өскөн
+1
neizvesnyi
2018-09-07 21:01:56
respect_bek,эн туура шатыр шултур ищ кылатта биздикилер
0
ruslanz
2018-09-07 20:35:13
Эч кандай кызыгы жок.Озбек оюнчулары жон эле келишсе керек, бешти деле атайын салдыртып коюшту.
+2
kaktys
2018-09-07 22:01:02
урааа
+2
altyn7776
2018-09-07 23:19:45
Казактар озбектерге женилип калса, эмнеге былтыр кыргыздар казактардан утулуп калган?Сатылганы чын окшойт былтыр биздин азаматтардын...мээ жетпейт...
+3
xnurgul_gul
2018-09-09 11:14:58
altyn7776,Анда баурлар биздин Эр Азаматтарыбызды камчылап салышкан оюун учурунда
0
Jigitchem
2018-09-07 23:24:52
Казактар мындан 15 жыл мурун дерделендеп атышчу эле. Эми качып эле калыштыго. Эми бутту келбейт алар болду
+2
nazgul1905
2018-09-08 02:54:28
Куттуктаймын кыргызымдын жигиттери!!! Азаматсынар!!! Москвада иштеймин жумушка кетип жатып окуймун супер инфону кечке ойлондум женишке жеттиби биздин кыргыздар деп азыр келип окуп суйунуп отурамын!!! Азаматсынар дайыма женишке жетишип журо бергиле!!!
+2
Rasul94
2018-09-08 10:20:05
Озбектер короз уруштургандан эле женбесе.кок борудон умут кылбай эле койсо болот
0
altyn7776
2018-09-08 13:18:41
Бир жыл мурун казактарга женилген биздин кок боручулордун бугунку кундо арына келип чемпион болушу менен жылуу куттуктайлы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан