Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрүчүлөр сыйлыктарын алышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи орун алды.

Финалдык беттеште Кыргыз курама командасы Өзбекстан курамасын утуп чемпион болсо, өзбек улакчылары экинчи орунга татышты. Бул беттеште кыргыз улакчылары ушуну менен чемпиондукту 3-жолу камсыздашты.

Ал эми 3-орунду Казакстан курамасы ээлеп, 4-орунда Москва курамасы болду.

Жалпы 6 миллион сомду түзгөн байге фондунан 1-орунду ээлеген команда 3 миллион сом, 2-орунду ээлеген командасы 1 миллион 500 миң сом, 3-орунду ээлеген команда 1 миллион сом жана 4-орундагы команда 500 миң сомго ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
stimyl.kg
2018-09-08 09:45:00
Аа жакшы, сыйлыгынар кут болсун улакчы мекендештер.
+2
UlukbekSultanbekuulu
2018-09-08 10:32:22
Алга Кыргызстан.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан