3-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү аяктады. Көчмөндөр оюндарынын негизги атрибуту болгон мөңгү суусунун сүрөтүнө назар салыңыз.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын өткөрүп берүүдө көөкөргө куюлган мөңгү суусу колдонулду. Көөкөр темир жана айнектен жасалган. Анын капкагы көчмөндөр оюндарынын логотибинин көчүрмөсү болгон. Көөкөр кыргыздын улуттук оюулары менен кооздолгон.
Мындан тышкары көчмөндөр оюндарындагы жетишкендиктер, аталган иш-чаранын катышуучуларынын сүйүнүчү, кубанычы атайын даярдалган китепте жазылып калды. Бул китеп ичине тарыхый күндөгү окуяларды, мыктылардын мыктысы тууралуу маалыматты камтыйт. Китептин сырты кайыштан жасалып, анын бетине көчмөндөр оюндарынын логотиби жана оймо-чиймелер түшүрүлгөн.