Азия Кубогуна катыша турган оюнчулардын тизмеси белгилүү болду. Бул тууралу футбол федерациясы кабарлады.
Маалым болгондой, башкы машыктыруучу Александр Крестинин тарабынан 23 футболчу тизмеге киргизилген. Алардын арасында Мирлан Мурзаев, Антон Землянухин жана Валерий Кичин бар.
Азия Кубогу 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Кыргыз өлкөсү С тайпасында Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин өлкөлөрү менен беттешет.
Дарбазачылар:
Павел Матяш (клубу жок), Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков (“Дордой”).
Коргоочулар:
Тамирлан Козубаев, Мустафа Юсупов ( “Дордой”), Даниэл Тэго (Читтагонг Абахани”, Бангладеш), Айзар Акматов (“Алга”), Виктор Майер (“Виденбрюк”, Германия), Валерий Кичин (“Енисей”, Орусия)
Жарым коргоочулар:
Азиз Сыдыков, Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу (“Дордой”), Бахтияр Дүйшөбеков (“Башундхара Кингз”, Бангладеш), Эдгар Бернхардт (“Тыхы”, Польша), Ахлидин Исраилов(клубу жок), Турсунали Рустамов (“Алга”), Одилжон Абдурахманов (“Алай”), Антон Землянухин (“Илбирс”),
Чабуулчулар:
Эрнист Батырканов, Мирлан Мурзаев (“Сомаспор”, Түркия), Виталий Люкс (“Ульм-1846″, Германия)
Башкы машыктыруучу:
Александр Крестинин (Орусия)