Бишкек шаардык мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерди кайтарып алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 3-июлундагы Ленин райондук сотунун №ГД – 620\18Б1 чечими менен Трудовая 4А дарегиндеги курулушу аяктай элек турак-жай эмес имарат жана Фучик паркындагы 1,33 гектар жер тилкесин сатуу-сатып алуу келишими жараксыз деп табылды.
Анда айтылгандай, келишим 1999-жылдын 9-июнунда №3273 реестринде катталган жана Фрунзе атындагы айыл чарба машина куруу заводунун ликвидатору М.И.Парышкур менен С.Эргешованын ортосунда түзүлгөн. Көрсөтүлгөн жер тилкеси парк аймагынын курамына кирет жана 2002-жылдын 20-августундагы "Кыргыз Республикасындагы тарыхый-маданий мурастар объектилерин эсепке алуу, кайтаруу, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №568 токтому менен бекитилген республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине, архитектуралык эстелик катары №100-катар номери менен киргизилген.
1998-жылдын 13-июнундагы Өкмөттүн токтомуна ылайык, тарыхый-маданий мурастардын объектилерин менчиктештирүүгө тыюу салынган.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын "Тарыхый маданий мурастарды пайдалануу жана коргоо боюнча" беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында тарыхтын жана маданияттын эстеликтери милдеттүү коргоого жана сакталууга алынат жана аларды пайдаланууда өзгөчө укуктук режимге ээ.
Жер тилкесинин жеке колго өтүп кеткен убактысынан бери ал жер таштандыга толуп, каралбай калган. Ленин райондук администрациясы аталган жерди тазалоо иштерин баштады. Мындан ары аталган аймак кароого алынып жашылдандырылат.