Бишкек шаардык соту экс-мэр Кубанычбек Кулматовду 28-сентябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Бүгүн, 11-сентябрда шаардык сот Кулматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселесин карады.
Шаардык соттун алдына Кулматовдун 30га жакын тарапташтары келген. Соттук отурум жабык өттү.
24-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралып, Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтү 28-сентябрга чейин узартылган. Жактоочусу бул чечимге нааразычылыгын билдирип, шаардык сотко даттанарын билдиришкен.
Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан соң ушул эле райондук сот Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан. Жогорку Сот да Кулматовду 28-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.