Мөөнөт 4-ирет узартылабы? Бүгүн сотто Кубанычбек Кулматовду камакта калтыруу маселеси каралат

Бүгүн, 24-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн узартуу маселеси каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка караганда, соттук отурум саат 10:00дө башталат.

Окуянын чоо-жайы:

24-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тергөө абагында жаткан Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан. Бул чечимди шаардык сот күчүндө калтырган.

Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Буга чейин тергөө мөөнөтү 3 жолу узартылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан