Бүгүн Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы кайрадан каралат

Бүгүн, 25-июнда саат 17:00дө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы кайрадан каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кулматовдун камакта калуу мөөнөтү аныкталат.

Эске салсак, 5-июнда аталган сот Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, 28-июнга чейин камакта калуу чечимин чыгарган.

Ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын УКМКдан маалымдашкан.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан