Бүгүн, 18-июнда саат 9:30да Бишкек шаардык сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы экенин айтып, 7-июнда жогорку инстанцияга арыз тапшырган.
Эске салсак, 5-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралып, ал 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын УКМКдан маалымдашкан.
Айта кетсек, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.