4 сааттан кийин сурактан чыккан Кубанычбек Кулматов: "Эмне үчүн суракка чакырып жатышканы мага түшүнүксүз"

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКда 4 саат сурак берди. Ал бүгүн, 21-майда саат 10:00дө суракка кирип 14:00дө чыкты.

"6-жолу УКМКга келип жатам. Мени Калыс-Ордодогу мектептин салынышы боюнча күнөөлөп жатышат. ТВЕА 2 миллион долларды өзү пайдаланган, мэриянын эсебинен бир тыйын которулган эмес. Мэрия суу, свет жана канализация киргизүүгө 100 миллион сом бөлгөн. Бул иш боюнча бүгүнкү күнү мен гана айыпталып жатам. Мени кармашабы же жокпу тергөөнүн жыйынтыгы менен билинет. Корккон жокмун, болгону мени эмнеге чакырып жатышат түшүнбөй жатам. Өлкөдөн эч жакка чыкпайм. Экс-президенттин командасы өлкөгө таза, калыс иштегенбиз. Сапар Исаковду, мени суракка чакырып жатышат, бул нерсе мага такыр түшүнүксүз болуп жатат.

Кызматтан кетишим да саясий себептер менен болду, бийлик мага кандай шарт койгону ал саясий нерсе, коомчулуктун билишинин кереги жок. Бирок коюлган шарт мага туура келген жок, ошол себептен жооп катары кызматтан кетүү арызын жаздым", - деди Кулматов.

Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Буга чейин 11-майда Кубанычбек Кулматов УКМК тарабынан суракка чакырылган, эмне маселенин негизинде чакырылганы боюнча аталган мекеме комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал эми сурактан чыкан Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Суроолор ТВЕА компаниясы грант катары берген акчага салынган мектеп боюнча болду. Башка эч кандай маселе болгон жок. Берилген каражатка Калыс-Ордо конушунда мектеп салынган. Баары мыйзамдуу болгон, балдар окуусун улантууда. Кылмыш иши козголгон эмес", - деген Кулматов.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган 86-мектепке Кытайдан алынган гранттын эсебинен 2 миллион доллар жумшалган. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуштун жетекчиси Сталбек Өмүрканов 2 миллион доллар жетпей калып, Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп бергенин билдирген.

Кулматовдун үйүнө тинтүү 19-майда жүргүзүлгөн.

Кулматов 4 саат суракта болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан