Бүгүн, 24-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралды. Сот мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчү менен анын камакта калуусун 28-декабрга чейин узартканын SUPER.KG'ге анын жактоочусу Сергей Слесарев кабарлады.
Жактоочу райондук соттун чечими менен макул эместигин билдирип шаардык сотко кайрыла турганын айтты.
Окуянын чоо жайы:
28-майда УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.
23-июлда Албек Ибраимовго карата УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча жаңы айып угузулган. Экс-мэр ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.