Өмүрбек Текебаев ооруканадан кайра абакка которулду

Камактагы саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан абакка которулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Текебаевди бүгүн, 14-сентябрда саат 11:00гө жакын жаза өтөө жайына алып келишкен.

"Биз дарыгерлердин сунуштарын толук аткардык, дарылануу курсу бүткөндүктөн жаза өтүүчү жайга алып келишти. №47-колонияда деле дарыланууга толук шарт бар, ошол жерден дарылануусун уланта берет", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Дарыгерлер Текебаевдин калкан сымал безинде шишик табылганын, анын канчалык зыяндуу же зыянсыз экени аныкталбаганын, бирок операция жолу менен алып салуу керектигин айтышкан. Текебаев өзү операцияга макулдугун бербей жаткан.

Экс-депутат дарыгерлердин көрсөтмөсү менен 1-августта №47-түзөтүү абагынын Улуттук кардиология борборуна которулган. 25-августта дарыгерлердин консилиуму Текебаев дарылануусун неврология бөлүмүндө улантсын деген чечим чыгарган. 28-августтан бери неврология бөлүмүндө дарыланып келген.

Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ар бири 8 жылга эркинен ажыратылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан