Миграция кызматы: "Чет өлкөгө кетип жаткан жарандардын саны өсүп жатат"

Чет өлкөгө кетип жаткан Кыргыз жарандарынын саны өсүүдө. Бул тууралуу Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов 14-сентябрда өткөргөн маалымат жыйында кабарлады. Анын айтымында, расмий маалыматтар боюнча учурда чет өлкөдө 800 миңден ашык жаран бар. Анын 645 миңдейи Орусиянын аймагында жүрөт.

"Жалпы 800 миңден ашык жаран чет өлкөдө жүрөт. Алардын саны өсүүдө, бирок көп эмес. Биздин кызмат жарандарга жумуш таап берүү боюнча өз аракетин көрүп жатат. Учурда 14 мамлекеттеги 200 ишкана менен кызматташып, Кыргыз жарандарын жумушка орноштуруудабыз. Жыл башынан бери 7 миң жаран аталган ишканаларга иштөөгө кеткен", - деди Токтоболотов.

Ал кошумчалагандай, Миграция кызматынын Маалымат-консультациялык борборуна жумуш сурап 21 миңге жакын адам кайрылган. Алардын 5 миң 500гө жакыны аялдар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nuri1
2018-09-14 17:36:41
Окунучтуусу активный жарандар кетип жатат. Анын 645 миңдейи Орусиянын аймагында жүрсо, значит Орусия менен жакшы мамиледе болуш керек.
+4
aiba.8327
2018-09-14 19:27:12
Кетет да деп жутарлар музейдин ташынан бери жутуп жатсак...эх Кайрат Эл деген ыры эсиме тушуп кетти..
+2
Rifle_I
2018-09-15 00:14:33
Миграция кызматы билеби канча врач КР чыгып кеткенин ?
0
kolyn
2018-09-15 13:02:16
Жумуш жок болсо,болсода майанасы аз болсо кететта,тем более Россияда региондордо врачтарга квартира маселесинда чечип берип жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан