25 жаштагы Мээргүл жашап кетүү үчүн боорун алмаштырууга муктаж. Дарыгерлер кароодон баш тартып, жакындары кайдыгер карап жатканын айтып ыйлады

25 жаштагы Мээргүл Анарбек кызы боорундагы курттан улам боорун алмаштырууга муктаж болууда. Өзүнүн айтымында, эки жылдан бери абалы оорлошуп жаткандыктан учурда ооруканалар кабыл албай жатат. Жадакалса атасынын жакындары анын айыгып кетишинен үмүт үзүп кайдыгер мамиле кылып жатышканын айтып ыйлады.

Мээримгүл мектепти аяктагандан кийин эле Орусияда иштеп келип, үч жыл мурун апасына Кайыңды шаарчасынан үй алып берген. Кайра кетүү алдында бир аз ооруп калганын байкап, УЗИге түшкөндө боорундагы тамырларында курт бар экенин билген. Дароо Бишкектеги №1-үй-бүлөлүк дарыгер борборунда операция жасаткан. Бирок натыйжа болгон эмес. Бир жыл убакыт өткөндөн кийин ичине жана өпкөсүнө суу толуп кетип, абалы оорлошуп кеткен жана чачы түшүп калган.

"1993-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда төрөлгөм. 7 жашка чыкканда атам каза болуп, апам, сиңдим жана иним төртөөбүз калганбыз. Үйүбүз жок болгондуктан "апама жардам болсун" деп мектепти бүтүп эле Орусияга иштөөгө кеткем. Ал жакта иштеп келип үй алып бергем. Бирок кайра кетерде бөйрөгүм ооруксунганынан дарыгерлерге кайрылып, алардын кеңеши менен УЗИге түштүм. УЗИден боорумда курт бар экенин билдим. Эки жыл мурун Бишкектеги №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда операция жасаттым. Дарыгерлер "курт тамырга жайгашып, боордун жарымын жеп салыптыр, куртту тазалап койдук" деп айтышкан. Атамдын жакындарына боорду алмаштыруу керек экенин айтышыптыр. Бирок бир жылдай жакшы эле жүрүп, кийин ичиме жана өпкөмө суу толуп кетти. Барбаган жерим калган жок. Дарыгерлердин баары эле бир гана жолу - боорду алмаштыруу керектигин айтышты. Абалым оор болгондуктан "боорду алмаштырмайын кабыл ала албайбыз" дешти. Азыр ичиме катетир салдыргам. Ичимдеги суу ошол аркылуу чыгып турат. Ал эми өпкөмдөгү сууну ар эки жума сайын алдырып турам.

Азыр негизгиси боорду алмаштыруу керек, ага акчабыз жок. Апамдын сиңдилери колунан келген аракетин кылып келишет. Ал эми атамдын жакындары операция болгон учурда бир аз жардам беришкен. Дарыгерлер кабыл албай калгандан кийин "өлөт экен" деп эле каралашпай коюшту. Ошондуктан жалпы элден жардам суроого аргасызбыз", - деди Мээргүл Анарбек кызы.

Мээргүл боорун Индиядан алмаштыруусу үчүн 35 миң доллар каражат керектелет. Ага жардам берүүнү каалагандар апасы Шаангүл Таштанбекова атындагы 0772 27 84 37 Элсом номерине же таякесинин жубайы Наргиза Каримованын Сбербанктагы №639002709003435079 эсебине акча которсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
romaantik
2018-09-17 13:32:20
Аллахым шыпаасын берсин. Туугандар колдон келген жардамды аябайлы 50 100 рублдан болсо да которуп коелу.
+28
iryi1
2018-09-17 13:40:22
Тенирим ден соолук берсин.
-10
Nargiza1987k
2018-09-17 14:59:28
АЛЛАхым шыпаасын берсин сакайып кетишинизге Аллах жардам берсин оомин
+18
gulmira90
2018-09-17 17:11:10
Аллахым ден соолук берсин!баары жакшы болот кыжаалат болбо!
+5
Munar92
2018-09-17 18:34:46
Кандай Гана сулуу Кыз экен эле
+4
Munar92
2018-09-17 18:35:30
Дартына дабаа ооруна шыппаа берсин.
+5
maks94.kb
2018-09-18 10:04:58
Коп тукурсо кол болот кайрымдуу болуп Оз колубуздан келген жардамды берейли мекендештер биз берсек бизге Аллах берет буйруса
+1
aralbek
2018-09-18 21:55:58
Аллахым шыпаа берип айыгып кетсе экен
0
talaa11
2018-09-19 01:19:31
АЛЛАХ шыпаасын берип сакайып кетиниз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан