Астротөлгө: 7-мартта төрөлгөн адамдар интуициясына ишенгендиктен натыйжалуу иштерди аткарышат

7-мартта төрөлгөндөр өжөр, өзүнө ишенген адамдар. Алдына киши салдырбоо үчүн бардык күчүн жумшайт. Баштаган ишин жарым жолдон таштап артка кайтуу же башка нерсени тандап кетүү булар үчүн жат көрүнүш. Ошондой эле акылдуу, чыгармачылыкка жакын болгондуктан коомдук, мамлекеттик иштерге да активдүү катышуу менен бирге үй-бүлөсүнүн тирөөчү, жакын адамдарына үлгү боло алышат. Булар интуициясына ишенишет, ишинен ийгилик жарата аларын алдын ала сезип, ар бир ишти ойлонуп жасоого аракет кылат.

Бул күнү төрөлгөндөр жеке мамиледе романтикага жакын, сыпайы, түшүнүктүү өнөктөш боло алышат. Сүйүү менен жашап, жакын адамына камкордук жана бардык жактан колдоо керек экенин билишет. Ошондуктан булар менен турмуш курган адам бактылуу болот десек жарашат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан