Бишкек шаардык сотуна аудио жана видео жаздыруучу аппараттар орнотулду

Жогорку Сот сот системинин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн автоматташтырылган маалыматтык системин сыноого киргизди. Анын алкагында пресс-тур уюштуруп, электрондук сот өндүрүшү кандай сыноодон өтүп жатканын журналисттерге тааныштырды.

Автоматташтырылган маалыматтык системдин сыноо долбоорунун алкагында Бишкек шаардык сотунун сот залдарына да аудио жана видео жаздыруучу аппараттан орнотулган. Бирок азырынча долбоор сыноодон өтүп жаткандыктан сот отурумдары жазылып алынбайт.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаеванын айтымында, сыноо жыл аягына чейин жыйынтыкталып калышы мүмкүн.

Маалым болгондой, долбоор толугу менен иштеп баштагандан кийин жазылып калган аудио жана видеолор атайын борборго сакталып, соттошкон тараптарга гана берилип турмакчы. Эгерде сот учурунда тартылып калган айрым аудио же видео жазуулар жок болуп калса, тийиштүү тараптар жоопко тартыла турганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан