Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Сотто сот отурумдарынын катышуучуларынын канааттануу индекси, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебине талапкерлерди окутуу жана Жогорку Соттун пленумунун иши тууралуу жыйын өтөт. Иш-чарага аталган мекеменин төрайымы Айнаш Токбаева, өнөктөш уюмдардын жетекчилери жана көз карандысыз эксперттер катышат.
Жыйын учурунда Айнаш Токбаева журналисттер тарабынан берилген суроолорго жооп берет. Мекеменин маалымат кызматы Айнаш Токбаеванын кызмат мөөнөтү 23-сентябрда аяктап жаткандыгын кабарлады.
Токбаева Жогорку Соттун төрайымы болуп 2015-жылдын 23-сентябрында шайланган.