Бишкек шаардык кеңешинин спикерлигине жаңы шайланган Жаныбек Абиров атасы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
Ал "Рассвет компани" ишканасынын негиздөөчүсү Болотбек Абиров анын атасы эмес экенин журналисттерге билдиргенин айтты. "Мага бир журналист чалган. Ошол убакта биринчи жолу журналист менен сүйлөшкөм. Ал мени интервьюга чакырса толук маалымат бермекмин. Мен үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн ага жалган маалымат бергем", - деди Жаныбек Абиров.
"Болотбек Абиров менин атам. Ал "Рассвет" компаниясынын негиздөөчүсү. Эч кандай мамлекеттик кызматта иштеген эмес, бизнес менен гана алектенип, көмүр менен иштеп жүргөн", - деп кошумчалады ал.
Буга чейин Жаныбек Абиров журналисттерге эч кандай "Рассвет компани" деген ишкананы билбегенин, бул компаниянын ээси Болотбек Абировду анын атасы эмес, жөн гана фамилиялары окшош экенин айткан.