Нарын шаарында 21-22-сентябрь аралыгында шаардын 150 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы билдирди.
Аталган мелдешке Нарын облусунун 9 командасы катышып, байгелүү орундар үчүн күч сынашат. Мелдештин баш байгеси автоунаа жана акчалай сыйлыктар болот. Чүчү кулактын жыйынтыгында командалар 2 тайпага бөлүндү. "А" тайпасында 5 команда болсо, "В" тайпасына 4 команда кирди.
Мелдешке катыша турган командалар:
"А" тайпасы:
Нарын шаары;
Эмгек-Талаа;
Жумгал;
Ак-Талаа;
Нарын-2.
"В" тайпасы:
Ак-Талаа;
Тынымсейит;
Жалгыз-Терек;
Хутор.