Бүгүн, 21-сентябрда Словакияда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда ийгилик жараткан балбандар Эрбол Бакиров жана Акжол Махмудов мекенибизге кайтып келди. Спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунда жакын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты. Тосуп алгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты, Эрбол Бакировдун атасы Максатбек Эгембердиев дагы болду.
Эрбол Бакиров жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 63 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, кыйынчылыксыз атаандаштарын утуп финалга чыккан. Финалдык беттеште египеттик Ахмед Мохамед менен күрөшүп, аны 3 мүнөттө таза жеңиш менен утуп алган. Бул жыйынтык менен ал алтын медалдын ээси болуп, Дүйнө чемпиону наамына татыган.
Ал эми Акжол Махмудов чейрек финалда орусиялык балбанга утулуп калганы менен, көңүл жубатуучу раундда күчүн сынаганга мүмкүнчүлүк алган. Анда ал кытайлык Юилана Юилананы утуп, коло медаль үчүн Камал Амир Бей менен күч сынашкан. Беттештин жыйынтыгында Акжол Махмудов упайлардын эсебин 8:1 кылып коло медалды тагынган.