Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Ала-Букада милиция кызматкерлери мектеп окуучулары менен спорттук иш-чара өткөрүштү

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштешкен кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, мектептер жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө үчүн окуучулар арасында 20-сентябрда футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турнирди уюштурууда райондогу саламаттыкты сактоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары көмөк көрсөткөн.

"Аталган иш-чара балдарды дени сак жашоого үндөп, убакытты туура пайдаланууга чакыруу үчүн уюштурулган. Ага райондогу көптөгөн мектептердин окуучулары келип катышты. Байгелүү орундарды алган командаларга баалуу белектер жана диплом, грамоталар тапшырылды", - деп билдиришти ички иштер бөлүмүнөн.

Ошондой эле 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата атайын иш-чара даярдалып жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан