Жалал-Абад облусунун аймактарындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундардан мыйзамсыз сакталган 3 ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктоо максатында атайын оперативдүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында Тогуз-Торо районунан 2 сайлуу жана Ноокен районунун аймагынан 1 сайлуу ок атуучу курал табылган.
"Арсенал" оперативдүү иш-чара учурунда Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылынын 1981-жылы туулган Бактыбек аттуу тургуну ок атуучу 2 сайлуу курал (ТОЗ-8) жана ок-дарылары менен кармалды. Текшерүү учурунда куралдарга тиешелүү документтери жок болуп чыкты. Бул факты боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин 241-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Ушул эле сыяктуу факт Ноокен районунун Криминалдык милиция кызматы тарабынан аныкталган. Анда 19-сентябрь күнү Маасы айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын 35 жаштагы Абдрахман аттуу тургунунан эч кандай документи жок мыйзамсыз сактап жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы 7 даана ок-дарысы менен табылган", - деп билдирди маалымат кызматы.
Аталган фактылар боюнча азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө. Мындан тышкары дагы мыйзамсыз сакталып жүргөн сайсыз ок атуучу 11 курал табылган.