Нарында шаардын 150 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтүп, анда "Эмгек-Талаа" командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы билдирди.
Аталган мелдешке 9 команда катышып, байгелүү орундар үчүн күч сынашкан. Командалар 2 тайпага бөлүнүп, "А" тайпасында 5 команда болсо, "В" тайпасына 4 команда кирген. Мелдештин финалында "Эмгек-Талаа" менен "Долон" командалары кез келип, "Эмгек-Талаа" командасы жеңишти илип кетти.
Муну менен 1-орундун ээси "Эмгек-Талаа" командасы болсо, 2-орунду "Долон" командасы ээледи. Ал эми коло байгелердин ээси "Тынымсейит" командасы болду.