2017-жылы мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 63 пайызына барабар болгон. Мындай маалыматты каржы министри Адылбек Касымалиев парламенттин бюджет жана каржы комитетинин жыйынында айтты.
Анын маалыматына караганда, 2018-жылдын июлуна карата аталган пайыз төмөндөгөн. Ага Орусиянын Кыргыз өлкөсүнүн карызын кечкени себеп болгон.
"Мамлекеттик карызыбыз ички дүң продукциянын 55,8 пайызын түзүүдө. Анын 48 пайызы тышкы карыз, 7,7 пайызы ички карыз", - деди министр.
Учурда Бюджет кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралууда. Анда мамлекеттик карыздын чегин ИДПнын 70 пайызына жеткенге чейин жогорулатуу сунушталууда.