Орусия жарандыгын алган Кызыл-Кыя шаарынын 60 жаштагы тургуну Москвага пенсияга чыгуу үчүн документ чогултууга барган учурда каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 24-сентябрда Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан кабарлашты. Маалым болгондой, ал Кызыл-Кыя шаарынын 1958-жылы туулган Шарапидин Закиров аттуу тургуну болгон.
"Шарапидин Закиров Москва шаарына пенсияга чыгуу үчүн документ чогултууга барып, 22-сентябрь күнү жүрөк оорусу кармап каза болуп калган", - деп билдиришти кайрымдуулук фондунан.
Учурда фонд маркумдун сөөгүн Кызыл-Кыя шаарына алып кетүү үчүн акча чогултууда. Жардам берүүнү каалагандар болсо +79779741209, +79251231013 номурларына чалып же 4276 3801 2233 8911 эсебине акча которсоңуздар болот.