Ала-Букада чек арачыларга 24 батирлүү 3 кабаттуу үй курулуп, пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек арачыларга 24 батирлүү 3 кабаттуу үйдүн ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, батирлер Ала-Бука чек ара отрядынын кызматкерлерине берилген.

Аталган иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшенбиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, Ала-Бука районунун акими, аскер кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү жана чек арачы-ардагерлер катышты.

"№2030-аскер бөлүгүнүн аймагына 24 батирлүү 3 кабаттуу үй салынып бүттү. Үйдүн курулуш иштерине каражатты Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге кирүү алкагында Орусия тарабынан каржыланды. Курулушка кеткен жалпы каражат 53 миллион 652 миң сомду түздү. Имараттын курулуш иштери 2017-жылдын апрель айында башталган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Flowhive
2018-09-24 23:00:44
Кут болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан