Нурмагомедов vs Макгрегор. Чуулгандуу мушкерлердин кыл чайнашкан беттешинде ким жеңүүчү болот?

Эрежесиз уруштун күйөрмандары көп жылдан бери күтүлүп жаткан беттешке күбө болуу алдында турушат. UFC 229 мелдешинин алкагында атаандаштарын асмандан жерге таштагандай эле көтөрүп чапкан Хабиб Нурмагомедов, бир соккусу менен уктата турган стили белгилүү Конор Макгрегор күч сынашат.

Азыркы тапта эл арасында жүргөн суроо - “Хабиб Конордун бутуна өтүп көтөрүп чаба алабы? Же Макгрегор Нурмагомедовду жакын жолотпой уктата урганга жетишеби?

Беттеш 5 раунддук болгону менен учурда букмекерлер беттеш 3-раундга чейин узабайт деген божомол берүүдө. Алардын божомолуна таянсак, бул беттеште Хабиб Нурмагомедов 3-раундда жеңишке жетиши керек.

ММА`дин чеберлери Нурмагомедов менен Макгрегордун 2 жыл мурун башталган чыр-чатагы бейбаштык, айнек сындыруу жана сот менен уланып келе жаткан. Эми 6-октябрдагы кыл чайнашкан беттеш алардын кимиси мыкты экенин аныктайт.

Алгачкы жаңжалга көз салсак, 2015-жылы Конор Макгрегор Жозе Алдуну утуп 66 килограммга чейинки салмак ченинде чемпиондук курду багындырган. 2016-жылы 5-мартта 77 килограммга чейинки салмак ченинде Нейт Диаз менен беттешип жеңилип калса, ошол эле жылы 20-августта Нейт Диаз менен реванштык беттеште жеңишке жетет. Бул беттеш менен UFC уюму көп акча таап, Макгрегордун каалаган тилегин аткарууга даяр болгон. Макгрегор 70 килограммга чейинки салмак ченинде бир дагы жолу беттеш өткөрбөй чемпиондук кур үчүн беттешти талап кылса UFC аны менен макул болот.

Ошол учурда Хабиб Нурмагомедов бул салмак ченинде 7 беттеш өткөрүп, Эдди Алварес менен чемпиондук кур үчүн беттешүүнү көздөп жаткан. Бирок бул беттешти Хабибдин көз алдынан Макгрегор илип кеткен эле. Мындан улам Нурмагомедов ызаланып, UFC`нин президенти Дана Уайтка нааразычылыгын билдирген.

2018-жыл. Артём Лобов

Жаңжалдын улануусу 2018-жылы орун алды. Анда Конор Макгрегорго жакын мушкер Артём Лобов Хабиб Нурмагомедовго каршы сын-пикирин айткан. Ал Хабиб тууралуу “Жамбашы ооруп калса эле беттешке чыкпай коёт” деген. Нурмагомедов менен Лобовдун жолугушуусу Нурмагомедовдун чемпиондук кур үчүн беттештин алдында Нью-Йорк шаарындагы мейманкананын коридорунда орун алды. Анда Нурмагомедов Лобовду айткан сөздөрү үчүн жооп берүүнү жана кечирим суроону талап кылган.

2018-жыл. Автобус, сынык айнек, сот

2018-жылдын 5-апрелинде Конор Макгрегор достору менен Хабиб Нурмагомедов бараткан автобуска кол салган. Анда мушкер автобустун терезесин сындырып, автобустун ичиндеги бир нече мушкерге жаракат келтирген. Хабиб Нурмагомедов автобустан чыгып Макгрегор менен мамилесин чечүү үчүн аракет кылганы менен, коопсуздук кызматкерлери жана Хабибдин жакындары ага андай кадамга жол берген эмес. Макгрегор Хабибге “коркок” жана башка жаман сөздөрдү айтканы менен Нурмагомедовдун автобустан чыкпаганы туура жол болгон. Бул окуядан улам Конор Макгрегор камакка алынып, сотко чейин барса, Хабиб Нурмагомедов Эл Яквинтаны жеңип жеңил салмак ченинде чемпиондук курдун ээси болгон.

2018-жыл. Күйөрмансыз маалымат жыйын жана виски.

21-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында UFC 229 мелдешинин алдында Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун маалымат жыйыны өттү. Бул жыйынга журналисттер гана чыкырылып, мушкерлердин күйөрмандары кирген жок. UFC`нин президенти Дана Уайт муну автобус менен орун алган окуянын кайталануусун каалабаганы менен түшүндүрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Конор Макгрегор адаттагыдай атаандашынын ачуусун келтирип, беттешке даярдыгын бузуп салууга аракет кылды. Ал эми Хабиб Нурмагомедов өзүн чагымчылдыкка алдырбоого аракет кылып, токтоолук менен берилген суроолорго жооп берип жатты.

Макгрегор бул жыйында өзүнүн вискисин бир нече жолу жарнамалап, аны даамдап көрүүнү Нурмагомедовго дагы сунуштады. Хабиб болсо макул болбой, Конордун сунган ичимдигине “Мен ичимдик ичпейм. Таптакыр! Болбогур вискиңди мага сунуштаба!" деген жооп кайтарды. Ошондой эле Конор Макгрегор “Мен Хабибдин карьерасынын табытына мык кагам” деп убада берди.

Маалымат жыйындын аягында Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун бетме-бет келиши орун алды. Анда Хабиб Нурмагомедов түз туруп, бир дагы сөз сүйлөбөсө, Макгрегор “Сен өлдүң! Сен өлдүң” деп сүйлөп жатты.

Мушкерлердин буга чейинки беттештери

Кайрадан тарыхка көңүл бурсак, эки мушкер тең UFC`де 10 беттештен өткөргөн. Хабиб Нурмагомедов 10 беттеште тең жеңишке жетсе, Конор Макгрегор 9 беттеште жеңишке жетип, 1 жолу жеңилүү ызасын тартып калган.

Хабиб Нурмагомедов

Орусиялык мушкер азыркы тапта жеңил салмак ченинде чемпиондук курдун ээси болуп, UFC`нин мыкты мушкерлеринин тизмесинде 8-орунду ээлеп келет.

Жалпы эсепте Нурмагомедов ММА`дин эрежеси боюнча 26 беттеш өткөрүп, бардыгында тең жеңишти камсыздаган. Анын ичинен 8 беттеште жеңишке нокаут менен жеткен.

Акыркы беттешин 2018-жылы 7-апрелде Эл Яквинтага каршы өткөргөн. Нурмагомедов калыстардын чечими менен жеңишке жетип чемпиондук курду тагынган.

Конор Макгрегор

Ирландиялык мушкер 2016-2018-жылдары 2 салмак ченинде чемпиондук курдун ээси болуп, азыркы тапта UFC`нин мыкты мушкерлеринин рейтингинде 2-орунду ээлейт.

Макгрегор ММА`дин эрежеси боюнча жалпы эсепте 24 беттеш өткөрүп, 21 жолу жеңишке жеткен. Анын ичинен 18 беттеште Макгрегор атаандашын нокаутка кетирип жеңишке жеткен.

UFC`деги акыркы беттешин Конор Макгрегор 2016-жылы 12-ноябрда өткөргөн. Анда ал Эдди Альварес менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңишке жеткен. Муну менен Макгрегор чемпиондук курду камсыздаган.

2017-жылы Конор Макгрегор профессионалдык бокс боюнча беттеш өткөрүп, Флойд Мейвезер менен чемпиондук кур үчүн күч сынашкан. 10-раундда Конор Макгрегор атаандашынын чабуулдарына чыдабай жеңилүү ызасын тарткан.

Адистердин божомолу

Келе жаткан беттеште ММА`дин адистери Хабиб Нурмагомедовдун жеңишине көбүрөөк ишенишет. Нурмагомедов азыркы тапта эң мыкты физикалык калыбында болуп жаткан кези. Аны ал акыркы беттешинде толук тастыктады. Ал эми Конор Макгрегор 2 жылдан бери UFC`де беттеше элек, бул жагдай ирландиялык мушкердин күйөрмандарын тынчсыздандырууда.

ММА`дин эл аралык адистеринин айтуусу боюнча, бул беттеште Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегорду өзүнүн мушташ стилине буруп, Конор чарчаган соң жеңишке жетет. Ошондой эле орусиялык мушкер атаандашына карата кол кайруу, муунтуу ыкмаларын колдонуп, аны жеңүүсү ыктымал.

Кыргыз ММА адистеринин божомолу

Руслан Кыдырмышев – “WEF” уюмунун президенти

"Учурда бардык адистер бирдей божомол берүүдө. Алардын ою боюнча Хабиб Нурмагомедов бул беттеште толугу менен жеңишти камсыздайт. Мен дагы бул ой менен макулмун, бирок Конордун жетишкендиктерин унутпашы керек. Конор Макгрегор карьерасында мыкты, күчүндө турган мушкерлер менен беттешип, аларды утуп алууга жетишкен. Ал беттештердин алдында дагы адистер Макгрегор жеңишке жете албайт деген божомолдорду айтышкан. Негизи Конор күтүүсүз жерден жеңүүчү болуп чыгат".

"Менин объективдүү божомолум боюнча, жеңишти 60 пайыз Хабиб Нурмагомедов камсыздай алат. Өзүм Конордун күйөрманы болсом дагы жеңиш Нурмагомедовдун тарабында болот. Мындай мелдештерди уюштуруп жүргөн адис катары айтсам, эрежесиз урушта партерде чебер болгон мушкерлер мыктыраак болушат. Бирок ошол эле учурда Конор Макгрегордун 1 соккусу беттештин тагдырын чечип коюшу мүмкүн экенин унтпаш керек".

Айбек Мусаев – “Жаш-Күч” спорттук клубунун президенти

"Экөө тең күчтүү мушкерлер, алар чоң жолду басып өтүштү. Экөө тең татыктуу спортчу болгондуктан, ар биринде жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Алдын ала божомолдорду айтпай, бул укмуштуудай беттеши көрөйүн. Мындай жетишкендиктерге бардыгы жетише албайт, ошондуктан Нурмагомедов менен Макгрегор сый-урматка татыктуу. Күчтүүсү жеңишке жетсин".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Abdizhapar
2018-10-05 16:30:03
Кыдырмышев мусулман болсон мусулманга куйормандык кылсан
-2
AIA-TOO
2018-10-05 16:41:06
Abdizhapar, Хабиб жасалма мусулман, чыныгы мусулман антип жырткычтай болуп урүшпайт.
0
murat17
2018-10-05 18:15:45
AIA-TOO,туптуура за чем бул жерде динди аралаштырып мен мусулманмын бирок конорго куйормандык кыламын
-3
iryi1
2018-10-05 18:40:58
Abdizhapar,Чыныгы журогу таза адам эч убакта сыйынган Кудайына карап эмес, кылган ишине жараша баа берет. Биздин исламисттер сыйынган Кудайына гана карап журосунор. Алладан жардам кутпо, акылдан жардам кут дейт кыргызда.
-3
Krai
2018-10-06 11:27:25
iryi1,сен Кудайды тааныбай калган окшойсун эсин барда этегинди жап дегендей акыл эсин барда тооба келтир айткан созуно Кудай корсотуп коет
+2
rysik79
2018-10-05 16:45:13
Кудайым буйруса Кыргызстандын суу менен тузун ооз тийип гранд комфортто конок болуп кеткен мусулман бир тууганыбыз Хабипбек женишке жетет деген чооон умуттобуз. Дуйно жузуно озун токтоо кармаган мусулман адамынын женишке жеткенин корсотуп койсо экен. Америка менен европаны очуруп Хабип талкаласа соонун эле болмок. Хабага ийгилик!!!
+12
baisogur
2018-10-05 16:45:14
Мусулман не идеален,Ислам идеален деп бир окурман жазды эле,экотен мушкер жихат деп мушташып атышкан жок болунбой ынтымакта мушташты королу
+5
nemo2016
2018-10-05 17:41:05
Ассалом алейкум Кыргызстан силерге чоон салам бир туугандар деп суйлогону мага дем куч берди десем жанылышпайм алга хабиб
+11
bikusim
2018-10-05 18:09:26
Хабибди колдойм. Экооонун беттешин чыдамсыздык менен кутуп жатам. Буйруса Хабиб женуучу болот деп ишенем. Аллахтын колдоосу менен албетте.
+10
murat17
2018-10-05 18:17:40
чыныгы мусульман акча учун мушташпайт хабибти тууган дештен алысмын кучтуусу женсин
-7
iryi1
2018-10-05 18:43:33
Хабиб женилип калса жакшы болот.
-8
pusur
2018-10-05 21:03:33
Хабиб бир тууганым женишке жетесин, алга Хабиб.
+5
Firdaus-Muslim
2018-10-05 21:20:00
Хабибди ийгилик коштосун! Алга Хабиб.
+7
Dilbaranurdinova
2018-10-05 23:56:37
Хабиииб !!!!!!
+3
FCB14
2018-10-06 01:22:42
Конор ака нокаут кетирчи хабаны
+2
nemo2016
2018-10-06 01:57:00
FCB14,конор акан вискисин сатып дамди алсын
+2
ArGeN4iK
2018-10-06 11:20:01
Конооооор женееет
0
Krai
2018-10-06 11:29:17
Алга Хабиб мусулман бир тууганым
Мусулман болгонум учун Хабиб да биздин бир тууганыбыз
+1
Kylychisa
2018-10-06 12:23:17
Хабибке 200сом койдум. Хабиб утат буйруса.
-1
aydinnur
2018-10-06 14:05:42
Коноке сөзсүз утат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан