Кара-Суу районунундагы Отуз-Адыр айылында Хонда Цивик менен Форд Курьер үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп кетти. Кырсыктын кесепетинен эки адам каза болгонун SUPER.KG'ге Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалым болгондой, кырсык 26-сентябрь күнү таңкы саат 6:11 чамаларында катталган. Кырсыктын кесепетинен Форд Курьер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү жаракат алып каза болсо, Хонда Цивик унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү оор жаракат алып облустук ооруканага жеткирилген.
Азыркы тапта катталган жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.