Кечээ SUPER.KG сайтында 24.kg маалымат агенттиги жарыялаган кабарга таянып, "Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев элчи Кылычбек Султанды колдоого алды" деген кабар жарыяланган. Анда премьер-министр Каденованын Сеулдагы окуясын сынга алып: "Сын уккубуз келбесе, ошого жараша өзүбүздү алып жүрүшүбүз шарт", - деген.
Бүгүн порталга байланышкан өкмөттүн басма сөз кызматы элчи жөнүндө сөз болбогонун айтып, маалыматты четке какты.
24.kg маалымат агенттигинен тышкары жогорудагы маалыматты kaktus.media жана paruskg.info сайттары да жазып чыгышкан.