Бүгүн, 2-октябрдан 3-октябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү футболдук мелдештин бири - Чемпиондор Лигасынын 2-туру старт алат. Бул күнү 4 тайпадагы командалар өз ара беттешип турнирдик жадыбалда алдыңкы орундарга көтөрүлгөнгө аракет жасашат.
Күндүн башкы беттеши катары "Манчестер Юнайтед" "Валенсия" жана "ЦСКА" - "Реал Мадрид" клубдарынын ортосундагы оюндарды саноого болот.
Оюндардын жүгүртмөсү:
"Е" тайпасы
"Е" тайпасынын алкагында бүгүн "АЕК"-"Бенфика" менен "Бавария"-"Аякс" беттештери орун алат. Бул тайпанын учурдагы турнирдик жадыбалында 1-орунду "Аякс" менен "Бавария" командалары 3 упай менен талашып келүүдө. Ал эми 3-4-орунда упайсыз "Бенфика" менен "АЕК" командалары жайгашкан.
"АЕК" (Греция) - "Бенфика" (Португалия);
"Бавария" (Германия) - "Аякс" (Голландия);
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
"F" тайпасы
"F" тайпасынын алкагында бүгүн "Хоффенхайм"-"Манчестер Сити" жана "Лион" менен "Шахтер Донецк" командаларынын беттештери өтөт. Бул тайпанын учурдагы турнирдик жадыбалында 1-орунда 3 упайга ээ "Лион" командасы болсо, 2-3-орунда 1 упайдан топтогон "Хоффенхайм" менен "Шахтер Донецк" командалары орун алган. Ал эми 4-орунда упайсыз келе жаткан "Манчестер Сити" командасы жайгашкан.
"Хоффенхайм" (Германия) - "Манчестер Сити" (Англия)
Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:55те башталат.
"Лион" (Франция) - "Шахтер Донецк" (Украина)
Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
"G" тайпасы
"G" тайпасында Москванын "ЦСКА" командасы " Реал Мадрид" менен кез келсе, "Рома" "Виктория Пльзень" командасын кабыл алат. Турнирдик жадыбалда 1-орунда 3 упай менен "Реал Мадрид", 2-3-орунда 1ден упайга ээ "ЦСКА" менен "Виктория" жана 4-орунда "Рома" командасы жайгашкан.
"ЦСКА" (Орусия) - " Реал Мадрид" (Испания);
"Рома" (Италия) - "Виктория Пльзень" (Чехия);
Бул беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
"Н" тайпасы
"Н" тайпасынын алкагында бүгүн "Ювентус"-"Янг Бойз" жана "Манчестер Юнайтед"-"Валенсия" беттештери орун алат. Бул тайпадагы жадыбалга көңүл бурсак 1-2-орунда 3 упайдан ээ "Манчестер Юнайтед"менен "Ювентус", 3-4-орунда упайсыз "Янг Бойз" жана "Валенсия".
"Ювентус" (Италия) - "Янг Бойз" (Швецария);
Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:55те башталат.
"Манчестер Юнайтед" (Англия) - "Валенсия" (Испания);
Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.