Кыргыз балбандар Македонияда өтө турган эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы билдирди.
Скопье шаарында 28-30-сентябрда өтө турган мелдеште 3 жаш категорияда беттештер өтүп, анда Кыргыз өлкөсүнөн 4 балбан катышат. Кыргыз балбандарынын катарында Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Чынарбек Изабеков жана Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Мелис Турганбаев бар.
Эске салсак, 2017-жылы өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 7 кыргыз балбан катышкан. Алар 2 күмүш жана 1 коло медаль тагынып келген. Чынарбек Изабеков менен Нурдин Донбаев күмүш медалдарга татыса, коло медалды Апты Инакеев утуп алган.
Кыргыз курама командасынын тизмеси: