Бүгүн, 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Боз-Бешик айылында алгачкы жолу кум жээкте ойнолуучу футбол боюнча Өлкө кубогунун тайпалык баскычы жыйынтыкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Өлкө кубогунда жалпы 7 команда катышып, 2 тайпага бөлүнгөн. Бүгүн тайпалык баскычтын акыркы турунда Жети-Өгүз менен Бишкек командалары келди. Беттештин соңунда 4:2 эсеби катталып, Бишкек командасы жеңишке жетти.
2-беттеште Нарын менен Каракол командалары кез келишти, Нарын командасы атаандашынын дарбазасына 12 гол киргизип, 3 гол өз дарбазасына өткөрүп жиберди.
3-беттеште Чүй менен Жалал-Абад командалары күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө Жалал-Абад командасынын оюнчулары 6 жолу айырмаланса, Чүй командасы 4 гол менен жооп берди. 6:4 эсеби менен Жалал-Абад жеңишке жетти.
Муну менен "А" тайпасында Жети-Өгүз командасы турнирдик жадыбалында 9 упай менен 1-орунду ээлеп, Бишкек командасы 6 упай менен 2-орунду ээлеп жарым финалга чыкты.
Ал эми "В" тайпасынын жарым финалга 3 упайдан топтогон Чүй менен Жалал-Абад командалары өттү.
27-сентябрда өткөн беттештер:
Жети-Өгүз - Бишкек - 4:2;
Каракол - Нарын - 3:12;
Чүй – Жалал-Абад 4:6.