Ош шаарында кайыр сурап отурган 80 жаштагы апа неберелерине деп чакан үй курган

Кечээ социалдык тармактарда Ош шаарынын Араван көчөсүндө кайыр сурап отурган апанын сүрөтү кызуу талкууга алынган. Апа тууралуу маалыматты журналист Гүлжан Алтымышбаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров апанын аты-жөнү Ашим Анарбаева экенин жана Оштун Озгур айылынын тургуну экенин билдирип тиешелүү органдар апанын абалынан кабар алып турарын билдирген.

Бүгүн Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү органдардын кызматкерлери атайын Озгур айылына апанын үйү бар же жок экенин билүү үчүн барышкан.

"Кайырчылык кылган эненин үйү бар же жок экенин билүү үчүн атайын Озгур айылына келдик. Бизге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы берген маалымат чын экен, апанын үйүнө жана жаңы салынып жаткан чакан үйгө күбө болдук. Ал жумасына 2 жолу Ош шаарына барып кайыр сурайт, жергиликтүү такси айдаган жашоочулар апаны жеткизип коюшат экен. 80 жаштагы Анарбаева 5 миң 500 сом пенсия алат. Мындан сырткары ага мечиттерден кайрымдуулук кылып акча берилип турат. Апанын кышка көмүрү, отуну бар экен", - дейт Абсаттаров.

Буга чейин Анарбаеванын 2 небереси реабилитациялык борбордо тарбияланары жазылган. Мэрия тарткан видеодо апа неберелерине деп чакан үй курдуруп жаткандыгы айтылган.

Ал эми Абсаттаровдун айтымында, апа карылар үйүнө баруудан баш тарткан. Мындан ары да тиешелүү органдар жана жергиликтүү бийлик апанын абалынан кабар алып турушат.

Ошто кайыр сурап отурган апанын үйүнүн абалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Rubin
2018-09-27 14:54:12
Кайыр сурап неберелерине уй курган, ай эненин журогу ай!
+7
Ali-han
2018-09-27 14:54:58
Байкуш эне неберелерим деп жүрөт экен да! Жардам берет элек колдон келишинче номерлерин жазып койсоңор!
+6
Snejana
2018-09-27 18:57:56
Балдары жок бекен? Неберелеринин ата-энеси? "Эне" деген Эне да.
+2
wamwieva
2018-09-27 20:55:45
Айланып гана кетейиним ииий...Жашында берсин мээнетти,карыганда берсин доолотту деп бекеринен айтылбайтда.Журогум ооруп чыкты,шартым болгондо барып жок дегенде уйун бир жыйнап,жууп тазалап келмекмин.Мындай шартта жашаган карыяларыбыз канча болду экен ээээхх.Адам баласы отоле кайдыгер болуп калдык!!!
+6
Akyl78.1501
2018-09-27 21:40:43
Оштун мерин ошо эже менен кошо жашатыш керек билет ошондо жашоо кандай оор экендигин
+2
Merelisha
2018-09-28 00:47:42
Журогум ооруду.. Мен да эч болбогондо уйун жыйгаштырып,ысык тамак аш кылып бергим келди. Каап..Балдары эмне болгон экен?..((
+2
Birimdik5555
2018-09-28 04:30:22
Кызынан кабар алыныздарчы админ дарегин таап
0
admin_superstan
2018-09-28 10:16:26
Birimdik5555,
Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
Birimdik5555
2019-01-05 02:51:50
admin_superstan,рахмат
0
barakcha
2018-09-28 10:17:27
Соз жок.Булар оларманданып оокат кылышат.5жашынан баштап 90жашка чейин...пай пай пааай..
-5
KUMKA
2018-09-28 12:03:41
barakcha,Башына ошондой кун тушсо сен да ошондой болуп каласын, тообо келтир. Эртенки кунубузду эч ким билбейт.Ал бечара да козу ото электе неберелерине бир шарт тузуп кетейин деп аракет кылып атат. Башкаларга окшоп жаштыгында ойноп, картайганда мамлекетке куч келтирейин деген адамдардан эмес экени корунуп турат. Сага окшогондор ийнеликке окшоп курсагын тойгон жерде чардап журуп,кочого чыкса жылтырап, уйно барсан мышык, ит жыттанып, уйу кепеден айрымасы жок чоп баскан уйдо жашап отот.
+1
Asyl10
2018-09-28 16:31:15
Эне ылайым коп жашап,неберелеринен сый-урмат корсун, бирок бир милиционер менен суйлошконумдо айттыле"Ишенесинби Ошто бир 52 жаштагы киши бар, бай эле жашайт,бирок кайыр сурайт,иши ошол,канча жолу уйуно аялына,бир-туугандарына тапшырдык кайра эле бомж болуп журот.Ошондой жашоо жагат экен, дагы бир тажик киши бар эрте менен балдары апкелип таштап кетишет,кечке кайыр сурайт, кайра алып кетишет,ошондой кочодо отуруп,кайыр сураш жаккан адамдар бар экен деп.Ошондон ойлонуп калган жайым бар
0
Asyl10
2018-09-28 16:47:26
Бул эненин бир тууган иниси Озгурда авторитеттууле ажыга барып келген адам деп окудум го Инстадан, Ошол иниси каралашып,психологго алпарыш керек окшойт анда. Ажыга барган адам эжеси шаардын чок ортосунда жатса унчукпай журбосо керекле. Алооо, тууган-уругууу!!!Байкуш энени психологго алпаргыла,баласы откондон кийин кичине сыркоолоп калгандыр,жаман корбой жардам берип,врачтарга корсоткуло,башка жерлери да ооруса керек,айтпайт да ситлерге.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан