Бүгүн, 28-сентябрда Ысык-Көл облусунун Боз-Бешик айылында алгачкы жолу кум жээкте ойнолуучу футбол боюнча Өлкө кубогунун финалдык беттеши орун алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Өлкө кубогунун алкагында 7 команда байгелүү орундар үчүн күч сынашып, 2 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында жарым финалга "А" тайпасынан Жети-Өгүз менен Бишкек курама командалары чыкса, "В" тайпасынан Жалал-Абад менен Чүй командалары чыгышкан.
Жарым финалда Жети-Өгүз командасы Жалал-Абад менен кез келип, 5:1 эсебинде утуп алганга жетишсе, Бишкек командасы Чүйдү 11:6 эсебинде жеңген.
Муну менен Жети-Өгүз менен Бишкек командалары финалда кездешсе, Жалал-Абад менен Чүй командалары 3-орун үчүн күч сынашат.
Айта кетсек, тайпалык баскычтын алкагында Жети-Өгүз командасы Бишкекти 4:2 эсеби менен утуп алган. Ал эми Жалал-Абад командасы Чүйдү 6:4 эсебинде жеңген.
Бүгүн, 28-сентябрда өтүүчү беттештер:
3-орун үчүн беттеш: Жалал-Абад - Чүй (саат 10:00дө);
Финал: Жети-Өгүз - Бишкек (саат 11:00дө).